Жума күнү Алматыдан алгачкы жүргүнчүлөрү Нур-Султан аэропортуна учуп келишти. Ошол эле учак саат 09: 40та борбор калаанын аба порту менен кайрадан учуп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Эске салсак, Нур-Султан жана Алматы аэропорттору жүргүнчүлөр үчүн 30-мартта жабылган болчу. Бир айлык тыныгуудан кийин бүгүн кайрадан ишин башташты.
Учурдагы жаздайга байланыштуу аэропортто күнүнө эки жолу дезинфекция жана жалпы тазалоо жүргүзүлүп, жүргүчүлөр тыкыр текшерүүдөн өткөрүлөт.
Нур-Султан менен Алматы шаарынын ортосундагы аба каттамдарын жандандырууну өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев жарыялаган. Андан сырткары, 4-майдан тарта Казакстандын дагы төрт шаарында каттамдар иштей баштайт.