Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. КОВИД-19 вирусунан жалпы 527 киши сакайып кетти. Ал эми вирусту жуктуруп алган 13 жаңы учур катталды.
Республика боюнча илдетке кабылгандардын саны өлкө боюнча 769 адамга жетти. Жаңы катталгандардан Бишкек шаарында - 3, Ош шаарында - 2, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 4, Баткен облусунда - 2 жана Нарын облусунда - 1 учур бар. Учурда коронавирус жуктурган 234 адам ооруканаларда жатып дарыланууда. 11 адамдын абалы оор, 5 киши реанимацияда жатат. 43 бейтаптын абалы орточо оор. 180 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Сутка ичинде 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алардын бири Ош шаарында болсо, экинчиси Жалал-Абад облусунда. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 200 учур катталды, алардын 122си стационарлардан айыгып чыкты. Адистердин айтымында, илдетке кабылгандар менен жакындан байланышып, алардын саламаттыгы үчүн күрөшүп жаткан ак халатчандар вирусту жуктуруп алуу коркунучу бар топтун сап башында турат.