Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал өзгөчө көзөмөлдө болууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
«Бишкекте коронавирус илдетине кабылгандардын саны күн сайын өсүүдө. Эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана жакшыртуу боюнча олуттуу чараларды көрүү зарыл. Мобилдик бригадалар, эпидемиологиялык кызматтар, мэриялар жана тармактык кызматтар бул багыттагы иштерди күчөтүүгө тийиш. Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал өзгөчө көзөмөлдө болушу шарт. Инфекцияга чалдыккандар менен байланышта болуп, үй карантинине алынган жарандарга тийиштүү көзөмөлдү күчөткүлө», - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
Көчөлөрдө унаалар менен жарандардын саны көбөйүшүн шарттаган экономикалык ишмердүүлүктүн жанданышы санитардык ченемдер - айрыкча эл көп топтолгон жерлерде кынтыксыз сакталышы менен коштолушу зарыл. «Ар бир жаран өзүнүн аң-сезимдүүлүгүн жана жоопкерчилигин көрсөтүп, өз саламаттыгынын коопсуздугу үчүн сунушталган санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого тийиш», - деди биринчи вице-премьер-министр.