Акыркы бир аптанын ичинде үймө-үй текшерүү учурунда Ош облусунун аймагынан COVID-19 вирусунун жаңы эки учуру табылган. Ушул себептүү, адистер, жарандарды ооруга кайдыгер карабоого, зарыл иши болбосо үйдөн чыкпоого чакырат.
Санитардык-гигиеналык эрежелерди бекем карманып, кандайдыр бир шек жаралган маалда, дароо жакынкы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна же, тез жардам кызматына кабарлап коюуну өтүнөт. Үймө-үй текшерүү өнөктүгү азыр да уланууда, бул үчүн Ошто жалпы 54 мобилдүү топ иштеп жатат.
Экспресс-тест, ПЦР анализи үчүн зарыл болгон медициналык каражаттарга тартыштык жок, жетиштүү көлөмдө кампада сакталуу. Ош шаарынын өзгөчө абал режиминдеги коңшу район-аймактары менен чектешкен бөлүктөрүндө блокпосттор күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.