Дарыгерлердин короновирус илдетине каршы көрүп жаткан аракеттери оң натыйжасын бере баштады. Ошол эле учурда адистер санитардык гигиеналык эрежелерди туура сактап, колдон келсе көчөгө чыкпай турууга чакырат. Себеби карантин эрежелерди аткарбай, эркин басып жүрүү жугуштуу илдеттин экинчи толкуну жайылышына шарт түзөт. 4-майга карата 35 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 26сы эле Бишкекте катталган.
Күндүн жылышы менен жарандардын көчөдө ээн-эркин жүрүшү кооптонууну жаратууда. Себеби коронавируска чалдыккандардын саны улам көбөйүп жатат. Дарыгерлер мындай мамиле жугуштуу илдеттин экинчи толкунун жайылышына шарт түзөт деп кооптонуп жатышат. Буга 4-майга катталган учурлар далил. Бир суткада 35 жаңы учур катталган. Мындан улам ак халатчандар санитардык гигиеналык эрежелерди туура сактап, колдон келишинче көчөгө чыкпай турууга чакырат.
Жугуштуу илдет жаңы тастыкталгандардын арасында укук коргоо органынын жети кызматкери да бар. Ошондо коронавируска чалдыккан укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн саны 27 болду. Ага чейин 20 кызматкер КОВИД-19 илдетине чалдыккан. Айнура Акматова алардын жарымы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарылануудан өтүп, канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылганын билдирди. Калган 10 адам ооруканада дарылануусун улантып жатат. Жаңы катталгандардын катарында медицина кызматкерлери да бар.