POST1RIGHT Кыргызстанда 25 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Ошондо өлкө боюнча 600 бейтап таажы тумоосунан сакайып кетти. Ал эми 5-майга карата 13 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ушуну менен өлкө боюнча COVID-19 илдети менен ооругандардын жалпы саны 843 кишиге жетти. Жаңы катталган 13 учурдун ичинен Бишкек шаарында 8, Нарын облусунда 5 учур катталды.
Ушул тапта стационардык дарылоодо 232 адам жатат. Алардын сегизинин акыбалы оор. Беш адам жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. 53 бейтаптын абалы орто деп бааланса, 171 адамдыкы канааттандырарлык. Тилекке каршы, вирусту жуктурган 69 жаштагы 1 бейтап каза болду.