Кыргызстанда коронавирус илдети жогорку чегине жетти деп айтуу өтө кыйын. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө коронавирус жуктуруу деңгээли туруктуу негизде жүрүп жатат.
"Бул илдетти жарандар күнүнө 20-30дан жуктуруп жатса, бүгүн 13 адам жуктурду. Эпидемиологиялык көзөмөл катуу тартипте жүргүзүлүп, оорулуулардын саны жогорулап кеткен жок. Ушул деңгээлде кармап турушубуз керек. Бара-бара оорулардын саны азайып кетет деген божомолдорубуз бар. Байланышта болгондордун бирин да калтырбай таап чыгып, медкөзөмөлдү жүргүзүү керек", - дейт ал.
Үсөнбаев бейтаптардан эки ирет анализ алынып, жыйынтыгы таза чыкса үй карантинине коё берилип жатканын айтат.
"Эпидемиологиялык абал көзөмөлдө. Өзгөчө абал режиминин айрым талаптары алына баштаганда жарандарыбыздын көбү көчөгө чыгып жатышат. Кайрадан тартипти күчөтүшүбүз керек. Аралыкты сактабай жатабыз. Байланышта азайтышыбыз керек болуп жатат", - деп белгиледи министрдин орун басары.