POST1RIGHT Россияда акыркы бир күндүн ичинде коронавируска чалдыккан дагы 10 миң жаңы учур катталды. Өкмөттүн отчёту боюнча, пандемия башталгандан бери вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 145 миңден ашты. Алардын ичинен 1300дөн ашык бейтап көз жумду. Илдетке кабылгандардын жарымынан көбү Москва шаарынын тургундары. COVID-19 вирусун жуктургандардын саны боюнча кийинки эле орунда Подмосковье жана Санкт-Петербург турат. Ал жердеги “Ленэкспо” көргөзмө комплексинде бейтаптар үчүн убактылуу оорукана ачылган.
“COVID 19 - бул өтө коркунучтуу инфекция. Ал өпкөнү жабыркатып, андан орточо же андан катуу ооруга айланышы мүмкүн. Андыктан, бейтаптар үчүн талап кылынган “Ленэкспо” сыяктуу жайларды бошотуп, убактылуу ооруканага кылууга туура келди” - дейт согуш ардагерлери ооруканасынын башкы дарыгери Максим Кабанов.
Учурда Орусия бийлиги 12-майдан кийин изоляциянын жалпы режиминен чыгуу жана карантин чараларын көрүү планын иштеп чыгууда. Президент Владимир Путин бул маселени шаршемби күнкү отурумда кароого ниеттенүүдө. Мамлекет башчысынын айтымында, ал учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чечим кабыл алат. Ошондой эле, чектөө чаралары этап менен алынары айтылды.