Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейисус коронавирустан коргонуунун эң мыкты жолу колду таза жуу экендигин Женевада брифинг учурунда билдирди.
"Жөнөкөй гана колду таза жуу адамды өлүмдөн сактап, үй-бүлөлөр менен бүтүндөй калкты COVID-19 оорусунан жана башка көптөгөн оорулардан сактап калуунун эң маанилүү чарасы бойдон калууда", - деп белгиледи.
Гебрейисус жер шарындагы үч миллиард адамдын үйлөрүндө суу түтүктөрү жана колду жууй турган самындары жок экендигин дагы кошумчалады. Ал пандемияны басаңдатуу үчүн өтө тездик менен самынга инвестицияларды көбөйтүп, сууга жеткиликтүүлүктү камсыздоого үндөдү. ДССУнун жетекчиси адамдардын ортосундагы аралыкты сактоону талап кылуу менен бардык бейтаптарды текшерип, дарылоону улантууну жана вирусту жуктургандар менен байланышкандарды аныктоо зарылдыгын белгиледи.