Чек арада ок атылды (аудио)
Новость

Баткен облусунун Кадамжай районундагы пионер лагерь деген жерде чек арачылар тарабынан эскертүү иретинде абага ок атылды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 31-майда түнкү саат 12лер чамасында мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет жасап жаткан белгисиз 10 адам байкалган. Чек арачылар аларды токтотууга аракет кылышкан. Бирок, белгисиз адамдар аларга баш ийген эмес. Ошондуктан абага эскертүү иретинде ок атылган. Маселенин чоо-жайы тууралуу кабарчыбыз Мээрим Абдраманова Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара кайтаруу Башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Саиджан Эратов менен маектешти. Аны аудиодон уга аласыз.