541 кыргызстандык Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды
Новость

2020-жылдын 7-майында 541 кыргызстандык Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды, бул казакстан тарабы менен россия-казакстан чек арасына жакын тилкеде Казакстан Республикасынын аймагында ӨА режиминин аякташын көптөн бери күтүп турган Кыргыз Республикасынын жарандарын гуманитардык алып кетүү тууралуу жетишилген макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырылды.

Белгилей кетсек, оор эпидемиологиялык абалдын жана Казакстандын бийлиги кабыл алган катаал чектөөчү чаралардын кесепетинен, биздин жарандардын Казакстандын аймагында жеке унаасы менен транзиттик түрдө өтүп кетүү мүмкүн болбой келген.

Мындай учурда жол полициясынын коштоосунда бир колонна менен жүргөн атайын жүргүнчүлүк унаа үчүн транзиттик коридор көрсөтүлдү. Бул ден соолук үчүн коопсуз шарттарда башында айтылган жарандардын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде аялдар жана балдарды Кыргызстанга алып чыгып кетүүгө өбөлгө түздү.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүүгө обсервацияга жайгаштылырат.

Чет өлкөлөрдө калган жарандарыбызды өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен мекенине кайтаруу жолдорун издөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруу иши улантылып жатат.

️ Казакстандын аймагында дагы эле өзгөчө абал режими күчүндө жана чет элдик жарандардын кирүүсү чектелгенин КР ТИМ эске салат. Буга байланыштуу Соль-Илецк шаарынын КР жарандарын мекенине кайтаруу Россиядагы биздин мекендештерибизге россия-казакстан чек арасы көздөй жүрүүгө түрткөн импульс болуп калбашы керек.

Андыктан провокацияга алдырбоого, сабырдуу болуп, мындай чаралар убактылуу гана мүнөзгө ээ экенин жана биздин жарандарыбыздын ден соолугун, өмүрүн сактоого, улуттук коопсуздукту коргоого багытталганын чыдамдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.