Азыркы тапта медкызматкерлердин 30%ы гана ооруканада дарыланып жатат
Новость

"Азыркы тапта медкызматкерлердин 30%ы гана ооруканада дарыланып жатат. Коронавирус менен катталган 224 кызматкердин дээрлик 70%ы айыгып чыгып, кайрадан жумуш ордуларына кайтышты," - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

“Коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарга кызмат боюнча жардам көрсөтүп вирус жуктуруп алган учурда, медицина кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрү Өкмөттүн буйрутмасына ылайык, 200 миң сомдон төлөнүп берилет, курман болгондо туугандарына 1 млн сом тийиштүү болот, ошондой эле төлөө эмгек кодекси менен аныкталат", - деп белгилеп өттү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев”.

Буга чейин ССМдин юристи медкызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрүнүн эсептик көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүн айтып берип, ӨА жана ӨК учурунда жана медициналык кызматкерлер ар кандай жаракаттарды алып калышы мүмкүн болгон табигый кырсык учурунда төлөм тартиби башка буйрутмага тиешелүү төлөнүп берилерин билдирген.