Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатат. Бул тууралуу 7-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. "Ал жак жабык турган, алыскы район. Бир тажия болуп, ошол жерге адамдар барган, Бишкектен да барыптыр. Коронавирус менен ооругандардын барып калышы элдин арасында инфекцияны жайылткан. Бир себепкерге байланыштуу 13 учур катталды. Бүгүн ошол жакка барган, катышкандардын баарынын аты-жөнүн, жашаган жерин тактап чыгып, көзөмөлгө алып жатабыз" - деди Үсөнбаев. Жалпы алып караганда Жалал-Абад облусунда коронавирус 132 адамдан табылып, көпчүлүгү айыгып чыкты.