Вирус жок деген маалым кат суралбайт
Новость

Кайсы бир аймакка кирүүдө коронавирустун жок экенин тастыктай турган маалымдама эч кандай талап кылынбайт. Муну Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Штабдын отурумунда жергиликтүү бийликке айылдарга өз алдынча коюлган карантиндик посттордун ишин тартипке салуу тапшырмасы берилди.

Кайсы бир аймакка кирүүдө коронавирустун жоктугун тастыктай турган маалымдама талап кылынбашы керек. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын отурумунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө катуу эскертилди. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бардык тармактык органдар Өкмөт жана Республикалык штаб менен макулдашмайын, чектөөлөрдү жана кошумча талаптарды киргизбеши керектегин белгиледи. Анын айтымында, штаб буга чейин жүк ташуучулардан гана маалымдама кагазын сураса болот, бирок милдеттүү түрдө талап кылынбайт деп белгилеген.

Азыр жеригиликтүү кеңештердин чечими менен айылдарга дагы посттор коюлган. Алардын иши боюнча жергиликтүү элден даттануулар дагы болууда. Карантиндик постторду жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдары көзөмөлдөп, ишине багыт берүү керектигин эскертти.

Үй карантинде отургандардан анализ тапшыруудан баш тартып жаткандары бар. Албетте, мындай кадам менен алар өзүн гана эмес, жанындагы үй-бүлөсүн дагы кооптуу абалга алып келүүдө. Анализ тапшыруудан баш тарткандарга мыйзам чегинде чара көрүлө турганын эскертүү керектиги жыйында белгиленди.