Коронавирус дагы 24 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Соңку суткада кооптуу илдетти жуктуруп алгандардын жарымы Нарын облусундагылар. Бишкекте 2, Чүй облусунда 4, ал эми Жалал-Абад, Ош облустарында үчтөн учур катталды. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 895ке жетти. Алардын он экиси каза болуп, 637 адам сакайды. Соңку суткада 23 адам айыгып, ооруканадан чыкты.