“Бүгүнкү күндө СИЗО-1де бир гана кызматкер коронавирус жуктурган учур бар. Кызматкерден тиешелүү анализдердин баары алынган жана ал медиктердин көзөмөлүндө. Азыркы учурда СИЗОдо бул учур боюнча териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат”, - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.