Кыргызстанда 8-майга карата коронавирус жуктурган дагы 11 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Ушуну менен өлкө боюнча КОВИД-19 илдети менен ооругандар жалпы көрсөткүч 906га кишиге жетти. POST1RIGHT
Жаңы катталган учурлардын бешөө Бишкек шаарында, Чүй облусунда үчөө жана Жалал-Абад облусунда үчөө катталды. Ковид-19 илдети жаңы катталгандардын арасында 2 медициналык кызматкер дагы бар. Нурболот Үсөнбаевдин айтымында сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 81 изилдөө жүргүзүлгөн. Өлкө боюнча обсервацияда 1250 адам жатат. Ал эми ооруну жуктургандар менен байланышта болгондордун саны 4 миң 112 адамды түзөт.