09-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 25 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.POST1RIGHT
Алардын ичинен: Бишкек шаары - 2, Чүй облусу - 4, Нарын облусу - 11, Жалал-Абад облусу -4, Баткен - 1.
Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 931 учурга жетти.
Бир сутка ичинде 8 бейтап ооруканадан айыгып чыкты: Бишкек шаары – 7, Нарын облусу - 1.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 658 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган: Бишкек шаарында – 1, Нарын облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда - 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 231 учур катталды, алардын ичинен 166 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.