Президент улуттук банктын төрагасын кабыл алды
Новость KTRK/videograp

POST#RIGHTПрезидент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Коронавирус инфекциясы пандемиянын дүйнөлүк экономикага тийгизен таасири шартында банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун жана коопсуздугун, стабилдүү макроэкономикалык кырдаалды камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы өлкөдөгү финансы-банк системанынын туруктуулугун, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо зарылдыгын белгиледи. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу эл аралык каржы рыногундагы кырдаалга карап улуттук экономика үчүн коркунучтарды болушунча төмөндөтүү керек деди. Экономиканы, ишкер субъектилерин жана калкты колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле банк кызматтарын санариптештирүү, кардарларды тейлөөнү санарип платформаларына которууга жана ал кызматтардан пайдалануунун ыңгай-шарттарын жогорулатууга максималдуу мүмкүнчүлүк берүүчү аралыктан идентификациялоо системасын киргизүү иштерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өзгөчө кырдаал шартына карабай банк төлөмдөрдү төлөө, которуу операцияларын үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантып, экономика тармактары менен калктын акчалай каражаттар боюнча муктаждыктарын өз маалында камсыздап келе жатканын белгиледи. Улуттук Банк башка чаралар менен катар финансы-кредиттик уюмдарга займчыларга насыя төлөмдөрүн төлөөсүн үч айдан кем эмес мөөнөткө жылдырууну сунуштаганы, кредиттерин кечигип төлөөсү үчүн айып салууга жана үстөк акча алууга, кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууда комиссиялык төлөмдөргө тыюу салынганын белгиледи. Улуттук банктын төрагасынын берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар тарабынан займчыларга жеңилдиктерди берүүнүн алкагында жалпы суммасы 58,1 млрд сомдук 90 151 насыя кайра түзүмдөштүрүлгөн. Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир кардарга өзүнчө мамиле кылуу менен коммерциялык банктардын насыяларды кайра түзүмдөштүрүү процессине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.