Жугуштуу илдеттин жайылышына жол бербөө зарыл. Себеби коомдун саламаттыгы биринчи орунда. Мындан улам Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө маселени талкууга алды. Буга чейин да Мамлекет башчы кайрылуусунда абалга байланыштуу жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталаарын анын мөөнөтү дагы узартыла турганын белгилеген. Республикалык штабдын жыйынында Өкмөт башчы 11-майдан коменданттык саат алынып салынат анын ордуна карантин тартиби кирет турганын билдирди. Ал эми өзгөчө кырдаал режими күчүндө калат.