Санкцияларды салуу укугу дарыгерлерге, санитардык дарыгерлерге жана ички иштер органдарына ыйгарылды.
Айып пулдун өлчөмү кылмыш-жоруктун оордугуна жараша 1 000ден 180 000 сомго чейин жетиши мүмкүн.
Карантин жана санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн айыптар:
1️. Өзгөчө кырдаал шарттарында укук тартибин бузуу – 5000 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул.
2️. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, санитардык эрежелерди, гигиеналык ченемдерди бузуу – 1000ден 27 000 сомго чейин айып пул (категорияга жараша).
3️.Ыйгарым укуктуу органдын чечимин же талаптарын аткаруудан баш тартуу тартибин бузуу – 3000 ден 13 000 сомго чейин айып пул Жоруктар (жазык жоопкерчилиги).
4️. Өзгөчө кырдаалдар тартибинин талаптарын бузуу - 15 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул, 2-категориядагы эркиндигин чектөө менен бир жылга чейин, коомдук иштерге 60 саатка чейин тартуу.
5️. Карантин сакталбагандыгы - 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул.