Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу оор бойдон калууда
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу оор бойдон калууда. Өлкөдө коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 4,5 миңден ашты. Ал эми коронавируска чалдыккандардын саны 1037 адамга жетти. Дагы жаңы 12 кишиге жукканы аныкталды. Ошол эле учура республикада өзгөчө кырдаал тартиби уланууда. Андыктан дарыгерлер, санитардык-гигиеналык талаптарды так аткарууга, коомдук жайда, жумушта бет капты кийип жүрүүгө, аралыкты сактоого чакырат.