Өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок
Новость

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Ал эми стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 189 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.