Кыргызстанда 7 адамдан коронавирус чыкты
Новость

Акыркы бир сутка аралыгында коронавирусту аныктай турган 1 миң 421 лабораториялык анализ жүргүзүлүп, анын ичинен 7 адамдан кооптуу илдет аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 1 миң 44 адамга жетти. Ал эми 13-майга карата 17 бейтап айыгып чыкты.