«Коронавирустук инфекциянын тарашына жол бербөө боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптардын убактылуу кабыл алынган эрежелерине жана ченемдерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар эрежелерди так аткарууга милдетүү. Эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн райадминистрация тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт”, – деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов.
Бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдар тарабынан санитардык ченемдерди жана карантиндин талаптарын сактабагандык үчүн бир катар чаралар бекитилген.