Дезинфекциялоо иштери уланууда
Новость

Чүй облусунда дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасынын негизинде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү уланууда. 

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын шаардык жана райондук бөлүмүнүн өздүк курамына дезинфекциялоо жана түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө атайын коргоочу кийимдерине, техникага, өздүк курамга саптык кароо жана нускама өткөрүлүп, ар бир кызматкердин дене табы тепловизор менен өлчөнүп, залалсыздандыруу иш-чаралары улантылууда. 

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп топтоло турган объектилерде: дүкөн, банк, базар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө. Чүй облусу боюнча башкармалык тарабынан 171 320 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланып, 599 кг хлор сарпталган. Бул иш-чарага 7 техника жана 31 кызматкер тартылган.