Саламаттык сактоо министрлиги ПЧР тест сатып алууну жана гуманитардык жардам катары издөөнү улантат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты. Ал ПЧР иликтөө коронавирус менен күрөшүүдө өтө маанилүү элемент экенин кошумчалады. Эске салсак, өткөн жумада Кытай өкмөтү чартердик каттам менен 100 миң даана тест системаны гуманитардык жардам катары жөнөткөн.