Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 44 адамга жетти
Новость www

13-майга карата коронавирус дагы 7 кишиден аныкталды. Бул көрсөткүч аптанын алгачкы күндөрүнө салыштырмалуу аз, бирок бул өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташты дегенди билдирбейт. Анткени ооруну жугузуп алгандар менен байланышта болгондордун саны 5 миңге жакын. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери билдиргендей, бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал, андыктан коопсуздук чараларына муктаждык күч.POST1RIGHT

Кооптуу вирус Кыргызстанда оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан да чыкты. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, акыркы бир сутка аралыгында коронавирусту жуктуруп алган 7 учурдун бирөө, Россиядан жүк тартып келген оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу.

Бир сутка аралыгында жаңы 7 учур акыркы күндөрдөгү көрсөткүчкө караганда аз. Бирок санитардык-карантиндик эрежелер сакталбаса, кырдаал кайра курчуп кетиши ыктымал. Ошол эле учурда ооруну жугузуп алгандар менен байланышта болгондордун саны 5 миңге чукул.

Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1 миң 44 адамга жетти. Ушул тапта ооруканада 306 бейтап дарыланып жатса, 4 өө жандандыруу бөлүмүндө. Обсервацияда 1555 адам бар. Ал эми үй карантинине алынган жарандар жашоо шарты талапка жооп бербеген учурда, обсервацияга жайгаштырылат.