Ооругандар азайып, карантин чаралары жеңилдетилгенден кийин жагдай ушундай болду. Эми бир катар өлкөлөр вирус менен күрөшүүгө кайрадан катаал чараларды көрө баштады. Анткен менен, карантин эрежелерин жеңилдетип, экономикалык жактан маанилүү тармактардын иши жандандырылууда. Бирок, санитардык эпидемиологиялык абалды катуу сакталган учурда гана.POST1RIGHT
Москвада 12-майдан тарта коомдук транспортто жана эл көп чогулган жерлерде беткап тагынуу милдеттендирилди. Талапты аткарбагандарга 4-5 миң рубль айып салынат. Ошондой эле, шаар ичинде жүрүү үчүн электрондук уруксат кагазы керек болот.
Санкт-Петербург шаарында дагы коомдук жайларда беткап жок жүргөндөргө 5 миң рублга чейин айып салуу каралган. Шаардын губернатору Александр Беглов өзгөчө абал режимин 31-майга чейин узартуу чечимин кабыл алды.
Айтмакчы, Орусия коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Жугуштуу илдетке президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков да чалдыккан. Белгилей кетсек, 30-апрелде ковид 19 менен премьер-министр Михаил Мишустин да ооруп калган. Ошондой эле, маданият министри жана курулуш министрлигини башчысынан да коронавирус табылган.