Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Алардын он беши Нарын облусунун тургундары. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Өлкөдө кооптуу илдетке кабылгандардын жалпы саны 1082ни түздү. Алардын 247си медицина кызматкерлери.
Соңку суткада тогуз адам айыгып, ооруканадан чыкты. Сакайгандардын жалпы саны 726га жетти.