Дүйнөдө коронавирустан 1,5 миллион адам айыкты
Новость KTRK/videograp

Дүйнөдө коронавирустан 1,5 миллион адам айыкты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, сакайгандардын эң көбү, же 243 миң 430 адам АКШга туура келет. 

Ал эми Россияда 48 миң адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Кыргызстанда болсо 735 адам вирусту жеңди. Белгилеп кетсек, дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 4 миллиондон ашты.