Ордо калаада санитардык талаптардын аткарылышына мобилдик бригадалар көз салууда. Мэриянын маалыматына ылайык, алар ар бир акимчиликте райондук администрациянын жана милиция кызматкерлеринин катышуусу менен түзүлдү.
Алар базарларды, соода жайларын, сулуулук салондорун жана башка ишке кирген объектилерди текшерип жатат.
Алардын көбүндө беткап тагынуу режими сакталбай, санитайзерлер жок болгону айтылууда. Тартип бузгандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.