У.Жылкыбаев: "Медицина кызматкерлерине орой мамиле жасаган жарандарга катуу чара көрүлөт"
Новость KTRK/videograp

Вирустун мындан ары жайылышына жол бербөө аракеттеринен баш тартып, каршылык көрсөтүп, медицина кызматкерлерине орой мамиле жасаган жарандарга катуу чара көрүлөт. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, бүгүн, онлайн брифингде маалымат берип жатып билдирди. 

Анын айтымында, учурда Ош облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу. Өпкөнү сезгенткен илдет дубандын аймагында 181 жарандан аныкталган. Мунун 160ы айыгып чыкса, 4 жаран каза тапкан. Дагы 17 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө. 60тай жаран обсервацияларда кармалууда. 

Жылкыбаевдин билдирүүсүндө, вирус көбүнчө сырттан келген мекендештерден табылган. Чоң Алай району аркылуу Тажикстандан келген 10 кыргызстандыктын экөө вируска шектүү делинип, Кара-Суудагы клиникага жаткырылды. Өкмөттүн өкүлү облустун тургундарын зарыл иши болбосо, ички каттамдарды токтото турууга чакырды. Алдыдагы айт майрамдарына байланыштуу, адам көп топтолгон жайларга барбоону да эскертти.