Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны акыркы суткада кайра жогорулады
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Алардын он беши Нарын облусунун тургундары. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. 

Өлкөдө кооптуу илдетке кабылгандардын жалпы саны 1082ни түздү. Алардын 247си медицина кызматкерлери. Ошол эле учурда соңку суткада тогуз адам айыгып, ооруканадан чыкты.