Нарын шаарында COVID-19 илдетинин 15 учуру аныкталды. Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды, алардын ичинен, медицина кызматкери -1, жаңы төрөгөн аялдар - 8, туугандары менен байланышта болгондор - 6. Бардыгынын абалы канааттандыраарлык.
НОБО төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып, персоналдар алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү.
НОБО төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган.