Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Нарын облусуна ыктыярчы дарыгерлердин тогузунчу тобу жөнөп кетти. Ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген, алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт.
Эки акушер-гинеколог облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен хирург жана акушер-гинеколог Ат-Башы районуна барат. Бардык медкызматкерлер керектүү өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздалды.
Дарыгерлердин иш сапарга байланышкан чыгымдары, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча эмгек акысы сакталат жана кошумча төлөмдөр мыйзамга ылайык эпидемиологиялык фонддон каржыланат.