Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 6 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 117 адамга жетти. Сутка ичинде Бишкек шаарында - 3, Ош шаарында - 1, Ош облусунда- 1 жана Баткен облусунда - 1 жаңы учур катталды. Ал эми илдеттен 38 бейтап коронавирустан айыкты.