Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандардын саны 4,5 миллиондон ашты
Новость KTRK/videograp

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандардын саны 4,5 миллиондон ашты. Алардын 307 миң 696сы жашоо менен кош айтышса, дээрлик 1 миллион 637 миңден ашыгы айыккан. Вирус эң көп жуккандар АКШда. Ал жакта вирусту жугузуп алгандар 1 миллион 400 миң адамдан ашты. 

Илдет кеңири жайылган он мамлекеттин катарында Россия, Улуу Британия, Испания, Италия, Бразилия, Франция, Германия, Түркия, жана Иран бар. Ал эми Орто Азия мамлекеттери боюнча Казакстанда 5689 киши ооруса, 2707 киши сакайды, 34 адам көз жумду. Өзбекстанда 2686 адамда табылып, 2158 бейтап айыгып кетти, 11 киши жашоо менен кош айтышты. Тажикстанда 1118 кишиден COVID-19 вирусу аныкталды, алардын 33ү каза тапты. Ал эми оорудан айыккандардын саны азырынча айтыла элек.