Тажикстанда коронавируска кабылгандардын саны 1118 адамга жетти
Новость KTRK/videograp

Тажикстанда соңку суткада коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны 1118 адамга жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги акыркы суткада 211 адам вируска кабылып, 4 адам каза тапканын маалымдап, 4299 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин жана 403 киши ооруканадан чыгарылганын кабарлады. Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган учур катталганын 30-апрелде гана мойнуна алган.