Чет өлкөдөн келгендер үч күн бою карантиндик аймакта болушат
Новость KTRK/videograp

Чет өлкөдөн келгендер үч күн бою карантиндик аймакта болушат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирип, чет өлкөдөн кайтып келген жарандар боюнча иш-аракеттер алгоритми тууралуу маалымат беришти. Чет өлкөдөн келип жаткан жарандардан COVID-19 вирусуна ПЧР диагностикалык анализдер алынат. Үч күн бою алар карантиндик тилкеде болушат. 

Эгерде анализи терс болуп, адам байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болуп, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда ал обсервациялардын бирине жайгаштырылат. Анализдин жыйынтыгы коронавирустун бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга жаткырылат. Алар менен байланышып, бирок анализи терс болгон адамдар медиктердин көзөмөлүнө обсервацияга алынат.