COVID-19: жаңы 21 учур катталды, 21 бейтап айыгып чыкты
Новость www

17-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 21 жаӊы учур катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. POST1RIGHT 

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 138 адамга жетти. Сутка ичинде Бишкек шаары - 2+10 Санкт-Петербург шаарынан келгендерден чыкты, Чүй облусу - 3, Нарын облусу - 6.

Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бишкек шаары – 11, Нарын облусу - 3, Ош шаары - 2, Ош облусу - 2, Баткен облусу - 3. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 804 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. 

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 251 учур катталды, алардын ичинен 204 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.