Дүйнөнү дүрбөткөн кытайдын коронавирусу. Коркунучтар жана сактануу жолу
Новость

1-майдан тарта айрым субъектилердин иштөөсүнө уруксат берилгенден кийин, көчөгө чыккан адамдардын саны көбөйгөн. Биз азыр ордо калаадагы базарлардын бирине келдик. Бул жерде адамдар көп экенин көрүп турасыздар. Бирок мен бул жерге өз коопсуздугумду ойлоп, беткап жана колкап кийип келдим.

Бактыгүл Жээнмурзаева өз ден соолугуна кам көргөндөрдүн катарында. Бет кап менен кол капты дүңүнөн эле алып коюп, жумуш учурунда бир нече ирет алмаштырып турат. Ал ортодо келген кардарлар менен да аралыкты сактап соода кылууда.