АКШ Россияга өпкөнү жасалма дем алдыруучу 200 аппарат жөнөтүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу өкмөттүк документтерге шилтеме кылып билдирди.
Маалыматка караганда, Калифорнияда өндүрүлгөн аппараттар Москвага шаршемби күнү жөнөтүлөт. Дагы 150 жабдууну 26-майда жеткирүү пландалууда.
АКШ өкмөтү аппараттарды сатып алып, Россияга жеткирүү чыгымдары үчүн 4,7 миллион доллар коротот.
Бүгүнкү күндө Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосунда коммерциялык каттамдар дээрлик жок болгондуктан, жабдуулар аскердик авиация менен жеткирилет.