Ак-Өргө конушунун И.Арабаев атындагы көчөсүндө жол оңдоо иштери жүрүп жатат, бирок жашоочулар оңдолуп жаткан жолго нааразы болушууда. POST1RIGHT
Автордун айтымында, И.Арабаев атындагы көчөгө таштарды төгө башташты, ушундай көлөмү чоң-чоң таштар менен кандай жол салынышы мүмкүн. Жол сала турган болсо, таштын ордуна кум аралаш майда таш төгүш керек эле. Биздин көчөлөр эми гана оңдолуп келе жатты эле, газ киргизилип Ак-Өргөгө жолду түздөбөй кетишкен, кошуналар биригип щебенька менен жолду жасашкан. Эми булар келип топурак аралаш чоң таштарды таштап кетишти, - дейт билдирүүсүндө.