Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда туруктуу-коркунучтуу эпидемиологиялык кырдаал дагы деле сакталууда. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алган учурда айтылды. Абал айрыкча Нарын облусунда оор бойдон калууда. Мындан сырткары, чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын арасынан коронавирус жуктуруп алгандар арбын.