Куралдуу күчтөрдүн аскердик талаа госпиталы өз кызматкерлерин обсервацияга алууга даяр. Ушуну менен куралдуу күчтөр түзүмүнө тиешелүү 6-обсервациялоочу жай ишке кирди. Болгону бул ирет обочолонуучу жай кадимки госпиталдардын же кайсы бир имараттын ичинде эмес, талаа жеринде, аскердик чатырлардын ичинде орун алган.