Сутка ичинде эки дарыгер коронавирусту жуктуруп алганы маалым болду
Новость

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 учур катталды. Ал эми стационарлардан 7 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 257 учур катталды, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.