Үй карантининин эрежелерин бузган жаран обсервацияга алынды
Новость

Талды-Суу айылынын тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн обсервацияга алынды.

1985 ж.т. Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды.

Аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен контактта болуп 7-майда үй карантинине жиберилген, бирок майдын 17 жана 18 де үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталган.

Учурда облус боюнча 1 миң 803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияда.