“Кооптуу кырдаалга байланыштуу, облус аралык каттамдарды, ошондой эле аба каттамдарын жүргүзө элекпиз. Бул маселе 25-май күнү дагы бир жолу каралып, эпидемиологиялык абалга байланыштуу чечим чыгарылат”, - деп билдирди КР Биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, 17-апрелден 18-майга чейин чет жактан жалпысынан 17 авиарейс жана 6 автобус менен 3531 жараныбыз өлкөгө келди.
“Жарандарыбызды башка өлкөлөрдөн уюшкандыкта алып келүү боюнча иштер улантылып жатат”, - деп белгиледи ал.