Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 266 учур катталды, алардын ичинен 221 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.